Балбак Түлөбаев: «Улуттук банкта 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш жатат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айтылуу Балбак Түлөбаев Садыр Жапаров кааласа Кытайдын карызын азыр төлөп коё алаарын айтып чыкты.

Эл өкүлү өз сөзүндө: «Мен алтын боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсүмүн. Садыр Нургожоевич, кааласа Кытайдын 1 млрд. 800 млн. доллар карызын азыр төлөп коёт. Бүгүнкү күндө Улуттук банкта 45 тонна алтын, 8 тонна күмүш турат. Мен эсептеп көрдүм, 3 миллиард 800 миллион, 4 миллиард доллар болот экен. Ошондуктан, мен президенттин экономикалык жана саясий иштерде жүргүзүп жаткан саясатын колдойм», — деп көнгөн адатынча балп этти.

Балп эткенге жараша, кошоматты кабаттап айтып жаткан Балбак мырза, маалыматтык манипуляция кылып жатканда, Улуттук банкта дайыма алтын валюталык резерв болуп келгенин айтып кетсе болмок. Алтын резерв бардык мамлекеттерде бар. Кааласа мурдагы президенттер деле төлөп коймок.

Бирок алтын валюталык резерв салыштырып айтканда ал мамлекеттин камсыздандыруучу фонду, өлкөнүн каржылык коопсуздук жаздыкчасы. Ал мамлекеттин жөндөмүн аныктайт, улуттук валютанын кунун кармаганга колдонулат, каржылык рыноктогу башаламандыктан сактайт ж.б.

Албетте тышкы карызды төлөгөнгө да колдонсо болот. Бирок алтын валюталык запастын көлөмү жогорудагы айтылган факторлорду жөнгө салыш үчүн тиешелүү деңгээлде сакталып турушу керек. Эми ага көз артып, кошоматтын таптакыр чегинен ашып барын жок кылып салбагыла.

Аргумент.kg