Балбак Түлөбаев: «Тогуз айда төрөлүчу баланы тогуз күндө төрөт деп бакырып жатабыз «

Балбак Түлөбаев: «Тогуз айда төрөлүчу баланы тогуз күндө төрөт деп бакырып жатабыз «

02-жалган куран, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Убакыт берүүдөн тажап, тынымсыз талап кылган коомго Балбай түлөбаев өзүнун баракчасынан жооп жазды. Анда азыркы учурдун кейиштүү абалын баса белгилеген. “30 жылдан бери баардык баалуулуктарыбызды талкалап алдык окшойт. Талкалагандарды да биздин бала, биздин тууган деп аларды коргодук. Анан ой качан жакшы жашайбыз! Болбойсуңарбы деп демиттик.
Сабырсыз эл болдук. Ар бир элдик толкундоолордон кийин акырындан оңолуп келе атабыз. Бирок өтө оор анан азаптуу болуп атат. Кыйналып, чайпалып, ыйлап там туң баскан баладай туруп умтулуп атабыз. Коомдун кызыкчылыгын тебелеп тепсеп, анан да эуу башка улуттар Марска конуп атат деп кыйкырып койобуз. Тогуз айда төрөлчү баланы тогуз күндө төрөт деп бакырып атабыз. Түшүнгүбүз келбейт, сабырсыз эл болдук. Жаздан көтөрүм болгон жылкыны базарга барып таман чыккандай сатып ийсек деп бири бирибизди алдамай. Баары бүгүн, тез арада болсун деген өзүмчүлдүк өлтүрөт бүгүн.
Кошуна өлкөлөрдүн ички саясатын, аларды башкаргандардын амбициясын түшүнбөй, анализ кылбай, алыбызды карабай талаптарды коюуудабыз. Жаңы бийлик жаңы туулду оозунан уузу кете элек. Толук күчүнө кире элек. Коомдогу башка күчтөр менен ымалашып жашоосу керек. Каршкырлар доору. Ниети түз. Жайлоодогу баглан козу, кымызга жетиш үчүн эчен ашуу ашып, жамгырлуу, карлуу, тайгак жолдорду ашыш керек. Жолдо карышкыры, түлкүсү, уурусу бар. Эртеңки жакшылыкка, жай, берекелүү турмушка жетиш үчүн жолдогу ар түркүн кыялдагы, мүнөздөгү адамдар менен чогуу ат бастырыш керек. Начары, ниети бузугу өзү эле кала берет. Сабырдуу бололу! Маанилүү болгон нерсе, Өлкөбүз аман болсун!”-деп жазат.