Балбак Түлөбаев: Мектептерди ачуудан коркуп жатам, балдар ооруканаларында орун жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Бишкек шаарындагы мектептерди ачуудан коркуп жаткандыгын мойнуна алды. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.
«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтар дагы ачууну сунушташпай жатат. Бир класста 50 адамга чейин болушу мүмкүн. Жалпысынан борбор калаанын мектептеринде 70 миң, ал эми иш жүзүндө 170 миң окуучу окушу керек. Кантип ачылышына уруксат берсем болот? Эгер алар ооруп калсачы? Балдардын ооруканаларында орун жок. Жалпысынан 40 орун бар», – деди ал.

Аргумент.kg