Балбак Түлөбаев: Кумтөрдүн былтыркы акчасы кайда?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев 19 тонна алтынды сатуудан түшкөн 1 млрд доллар тууралуу сурады. Бул тууралуу Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймакты өнүктүрүү комитетинин 31-октябрдагы отурумунда айтылды.

Ал Улуттук банк «Кыргызалтындан» 19 тонна алтын сатып алып, каражатты компаниянын эсбине которгонун айтты.

«Бул акча каякка кетти? Улуттук банк — көз карандысыз орган. Ал акчаны мамлекеттик компаниянын эсебине которуптур. Демек акча бюджетке түшүшү керек», — деди депутат.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков каражат сомго айландырылганын тактады. Депутатка «Кыргызалтын» компаниясы акционердик коом экенин жана мамлекеттик бюджетке андан дивиденд гана түшө турганын айтып түшүндүрүштү.

«Балким бөлүштүрүлүп, Кумтөрдүн операциялык иштерине жана башкаларга кеткендир. Бирок анткен күндө да бул акча каякка кеткени айтылышы керек да», — деди депутат.

Аргумент.kg