Балбак Түлөбаев: «Колуман келишинче кызмат кылдым. Кемчилик кетсе, билбей капа кылсам кечириңиздер»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Калайык! Өлкө жетекчилигинин сунушу менен өкмөтүбүздүн Ыссык Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалдым. Өтө чоң жоопкерчилик жүктөлдү.
Бишкек шаарынын жашоочуларына терең раазычылык, таазим. Колуман келишинче кызмат кылдым. Элден айланса болот. Ыраазымын. Кемчилик кетсе, билбей капа кылсам кечириңиздер. Калаа  башчыбыз Суракматов Азиз Эмилбековичке терең ыраазымын. Жол көргөздү, тарбиялады, бышырды, акыл айтты, тоскоол болбой ар дайым колдоду. Вице мерлерге, чарба жетекчилерине, аппарат кызматкерлерине рахмат. Жакшы команда, кыйын кезде чогуу иштедик. Шаардык кеңештин депутаттарына рахмат. Сабырдуулукка, ар түрдүү пикирге, көз караштарга сый урмат кылууну үйрөтүштү, жардам беришти.
Ыссык Көлдүн экс-өкүлү Осмоналиев Акылбек Шариповичке ден соолук, алдыдагы ишине ийгилик. Татаал убакта обласыбызды башкарып сый урматка ээ болду. Баштаган иштери уланат.
Көлүбүздүн элине таза, түз, ачык кызмат кылып берүүгө убада берем. Адилетүү, жаман ишке барбаган сиздерге кызмат кыла турган системдүү кызмат болот. Тумоону чогуу, жеңебиз. Кеңешип, биригип, баардык катмардагы эл менен бир муштумга түйүлүп утуп чыгабыз. Мага жардам бергиле, убакыт биригүүнүн убагы»,-деп Балбак Түлөбаев жазып чыкты.

Аргумент.kg