Балбак Түлөбаев депутаттардан кечирим сурады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Айыл чарба министрлиги президентти уят кылып жатат. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 5-декабрда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Селитра алып келебиз деп мамлекет 1 миллион долларга жакын зыян тартты. Биз бул жакта бир миллион сом насыя таба албай «кырылып» жатабыз.

Токой чарбасын өзүңөрдүн карамагыңарга алып алдыңар. Силер тиккен айрым көчөттөр өспөй калды. Силер президентти уят кылып жатасыңар. Жеке эле президентти эмес, элди да, бизди да уят кылбай иштей албасаңар кызматыңарды тапшырып кеткиле. Айтса жаман көрөсүңөр. Айыл чарба министрлигинде баары жакшы башталган, укмуш реформаларды жүргүзөт деп ишенгенбиз, бирок акырында жыйынтык жок. Өзгөрүү жок. Айыл чарба министрлигине жан тартып, колдоп жүргөнүм үчүн, мен кесиптештеримен кечирим сурайм», — деди депутат.

Аргумент.kg