Балбак Түлөбаев: Бишкек бизди акырындан өлтүрүп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин бүгүн, 12-декбарда депутат Балбак Түлөбаев Бишкектеги абанын булганышы, ыш маселеси каралып жаткан парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал өкмөткө кайрылып, Бишкектеги ыш көйгөйүн чечүү үчүн шаардын тегерегинде жайгашкан конуштардагы үйлөргө газ киргизип, аларды кышында газ менен жылытууга өткөрүү керектигин айтты. Жарандар үйлөрүнө газ киргизүүсү үчүн өкмөт аларга насыя бериши зарыл.

Ошондой эле, Түлөбаев унаалардын күйүүчү май жана катализатор маселелерин чечүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, ыш көйгөйү Бишкекте эле эмес, Ош шаарында да бар.

«Бизге душмандын кереги жок, бизди ыш эле өлтүрөт. Жөнөкөй жарандан баштап министр, депутат президентке чейин акырындан өлүп жатабыз.

Тез арада газдаштыруу жана унаалардын күйүүчү май маселесин чечүү керек. Дароо, ыш көйгөйүнүн 60-70%ы чечилет. Мэриянын бул жаатта алы келбейт. Ага өкмөт жардам бериши керек», — деди ал.

Аргумент.kg