Балбак Түлөбаев: «Бир да саясий партияга иштеген жокмун»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мурунку мэринин милдетин аткаруучу Балбай Түлөбаев саясаттан алыс туруп, бир да партияны колдогон жок. Ошондой эле өзү тууралуу тарап жаткан калп маалыматтарга ишенбөөгө чакырды.  Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты.
“Урматтуу достор!
Бишкек шаарынын, шаардык кеңешине шайлоолорунда эч бир саясий партияга иштеген жокмун.
Ар кандай ушак, айың, жалган маалымат таратпаңыздар. Баардык партияларда дос, тууган, тайке, жээн, жердештерибиз баратат. Күчтүүлөр жеңсин. Баарына жакшылык ийгилик каалайбыз. Мен саясаттан алыс жүрөм. Кудай буюрса татыктуу инсандар өтүп келип, Бишкегибизди өнүктүрүшөт”-дейт Балбак мырза.
Булак: argument.kg

Аргумент.kg