Балбак Түлөбаев: Бийлик менен оппозиция элдин ортосундагы ажырымды күчөтпөш керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты БалбакТүлөбаев бийлик менен оппозицияны ынтымакка чакырды. Бул тууралуу ал » Азаттык» үналгысынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, бийлик дагы аша чаап кетпеш керек, оппозиция конструктивдүү сын айтыш керек.

«Азыр бизде ар кандай жаман сөздөр менен, адамдын беделине шек келтирген сөздөрдү айтып каралап жаткан адамдар кармалып «мен саясий куугунтукка алындым» деп жатышат. Бул туура эмес. Оппозиция болсо өзүнүн так, конкреттүү сынын айтып, сунушун берсин. Биз дагы андай оппозицияны Жогорку Кеңеште талкуулап туура болсо колдоп, туура эмесин кайтарып туралы.

Оппозиция менен бийлик дагы элдин ортосундагы ажырымды күчөтпөш керек. Тескерисинче элди ынтымакка, биримдикке чакырыш керек.

Биз дагы оппозиция менен бийликти ынтымакка чакырып турушубуз керек«,- деди Түлөбаев.

Аргумент.kg