Балбак Түлөбаев: “Акча тараткан талапкер катуу жазасын алат”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Марлен Маматалиев жетектеген “Ынтымак” партиясында бараткан Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына шайлоонун таза өтүшү тууралуу пикирин билдирди.  “Шайлоо таза өтүүсү керек. Ким акча  жана башка нерселерди таратып мыйзамсыз кыймыл аракетке барсамбы дегендерге эскертүү, Биз жол бербейбиз! Ушундай ниети барлар өзүн да партиясын да азапка салат. Президентибиздин сөзүн тебелегендик деп эсептейбиз. Негизи мыйзамды сыйлайлы. Акча тараткан кандидат катуу жазасын алат. Жаңы барак, жаңы заман. Эл да ушуну талап кылып атат. Жетишет! Өлкө үчүн, эл үчүн башынан таза, түз, ынтымакта болуу керек”, — деп агынан жарылды

Аргумент.kg