Балбак Түлөбаев, “Аю” холдингдин вице-президенти: “Ишкерчиликте ийгиликтүү, мамлекеттин казынасына салык төлөп жаткан адамды – көпөс деп күнөөлөгөндөргө капамын!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мындай пикирин “Аю” холдингдин вице-президенти Балбак Түлөбаев биздин сайтка билдирди. “Азиз Суракматовду 2000 жылдардан бери тааныйм. Ал экөөбүз Бишкек шаардык кеӊешине Түндүк округунан депутаттык орунду талашканбыз. Ошол жылдардан бери тааныш, жолдошпуз. Шаардын көйгөйлөрүн, аны кандай чечүү керек экенин так билет. Уурдабай өз күчү менен иш кылып, бизнес кылып келет. Канчалаган өлкө казынасына акча төгүп, салык төлөп жатат. Анан ушундай бизнесмендерди көпөс атка кондурушса ичиӊ күйөт экен. Бизнесте жүргөн адам катары Суракматовдун шаарды оӊдоп өстүрүүгө күчү да дарамети да жетет. Акмалап карап турбай баарыбыз жардам берүүбүз керек. Өз эмгеги, маӊдай тери менен эмгек кылып бай болду. Бул жаманбы? Уурдады, жеди, тартып алды деп артынан сө ээрчиген жок.

Аргумент.kg