Балбак Түлөбаев: «15-20 миң сом айлык акысы бар кызмат үчүн мага 300 миң евро сунушташты»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мэрияга кызматка келиш үчүн 300 миң евро, 100 миң долларлык унаа сунушташты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев SUPER.KG порталына  билдирди.
«Мэрияда кызмат талашуу токтогон. Азыр мен иштебеген директорлорду четинен кызматынан алып жатам. Убакыт керек, көптөгөн маселелерди чечүүнүн үстүнөн иштеп жатабыз. Шаарды өнүктүрүүгө бир гана мэриянын күчү жетпейт. Жалпылап оңолуу жолуна түшүшүбүз керек. Биз жок дегенде уурдабай койсок ошол пайда. Өтө көп кемчиликтер бар. Кээ бир директорлор айтканды укпай мурункудай эле иштеп жатышат. Ушул жерден кээ бир чарба жетекчилерине айтып кетер элем, мен мурункудай иштетпейм баарыбир. Жакында үчөө-төртөөнү жумушунан алам, экөө-үчөө камалат. Мага демектен көтөрүп турган асманын таштап ийишсин. «Крышаларыңарды» укпайм, ачыгын айтып коёюн. Таза, түз иштесеңер иштегиле, болбосо орунду бошоткула. Ушул жерден ачык эле айтып коёюн, бир директорлук кызмат ордуна мага 300 миң евро сунушташты. 300 миң евро! Доллар дагы эмес. Жүрөгүм түшүп кетти. Коркуп кеттим. Азыр атайын кызматтарга бердим, териштирип жатышат. Ал кызмат ордунун айлык акысы ашып барса 15-20 миң сом. Дагы бир кызмат үчүн 100 миң долларлык унаа сунушташты. Адаммын да, алгач акчаны алып туруп, арыз жазып мэрликтен кетип калайын деп ойлодум (күлүп). Албетте мунун баары тамаша. Абийир алдында кантип жооп берем, тигил дүйнөдө мунун эсебин кантип берем деп ойлодум. Экинчиден булар эмнеге коркпойт, эмнеге баарын акчага сатып алса болот деп таң калдым»-деди Түлөбаев

Аргумент.kg