Баласын сабаган адамдын аялынын 5 айлык боюнда бар экен
18-чын куран, 2020-ж // //Бул тууралуу ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев билдирди:
“Кармалган Эмилбек аттуу жаран беш жылдан бери Москвада үй-бүлөсү менен жашайт, 3 балалуу. Аялы экөө дворник болуп эмгектенгенин айтышты. Үйүнө барып таанышып чыктым, жашоо шарты абдан начар экен. Аялы ыйлап, “күйөм камалып кетсе 3 баламды кантип багам, төртүнчүсүн төрөгөнү жатам”-деп жалбарып жатат. Элде ар кандай талаптар коюлуп, камалсын дешүүдө. Мен коомчулукка кайрылат элем, уулун сабаган адамды 4-5 жылга эркинен ажыратуу туурабы же эскертүү берилсинби?”-деп билдирди