Баламдын оорусунан кийин баары мени таштап кетишти…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен наристе күтүп жаткан бактылуу аял элем. Айланамда досторум, күйөөм, ата-энем жана иним бар эле. Мага ташдубалдын артында тургандай эле сезилчү жана мындай коргонучту эч нерсе буза албайт деп ойлочумун.

Балам дени сак болуп төрөлгөн, үч күндөн кийин төрөт үйүнөн чыктык. Баары сонун, энелик сезимден ырахат алып жаткам. Бирок төрт айдан кийин менин жашоом тозокко айланып калды. Балам жөтөлүп баштаганда ооруканага алып бардым. Дарыгерлер ызы-чуу болуп эле анализдерди жасай башташты, бир нерсени эле тынымсыз текшере беришти. Мен анын эмне болгонун сурагандан да корккуп аттым, бирок палатама келген дарыгерлерден сурасам деле эч нерсе айтышпайт. Үч күндөн кийин баламдын акыбалы начарлап, дем алуучу аппаратка кошушту. Менин кичинекей уулум түтүкчөлөргө оролуп, өз алдынча дем ала албай калды. Дарыгерлер эч кандай кепилдик бере албастыгын, дарылануу жана дары-дармектер үчүн олуттуу сумма талап кылынарын айтышты. Эмне кыларымды билбей калдым…

Ошондо мен уулумдун абалынан аябай коркуп тургам, бирок эң жаманы али алдыда деп ойлобоптурмун. Менин ушунчалык бекем үй-бүлөм бар эле, керектүү сумманы оңой эле чогултуп алмакпыз. Бир тууган иним адегенде эле баш тартты, башка максаттарга каралган акчасы бар экендигин, мага убактылуу да бере албастыгын, менин балам менен ооруканада отура албастыгын, колу да бош эмес экендигин айтты. Ал эми бир жарым жумадан кийин эч кандай насыясыз эле машина сатып алды.

Ошондон кийин мен аны менен такыр сүйлөшпөй калдым, ал жээнинин өмүрүн машинага алмаштырып салды, ал эми мага керектүү сумма бул машинанын баасынан он эсе аз болчу. Бирок иним кескин реакция кылып, мен чоң адам экенимди, көйгөйлөрүмдү өзүм чечишим керек экенин эске салды. “Төрөбөй, окубайт белең. Окусаң иштеп тапмаксың” деген сөздөрү көкүрөгүмө уюп калды. Анын сөзүнөн кийин мен ыйлап жибердим, менин баламдын ушундай абалда экендигин билип туруп, кантип бирөө мындай сөз айта алат?! Ошол окуядан бери жети жыл өтсө да иним экөөбүз дагы деле сүйлөшпөйбүз.

Мен апама айтканымда, ал да мени жубаткан жок, бирок күтүлбөгөн жерден: “Сен бизге акча үчүн келген жоксуң да, ээ? Бизде акча жок!” деди. Ал да иним айтканды айтты, “күйөөгө чыкпай, окуш керек болчу” дегенде, эң жакын адамымды тааный албай, делдейип туруп калдым. Анын сөзүн уккан да жокмун, эки сааттан кийин атама чалсам, ал апам тарапта экен.

Менин күйөөм рейсте болчу, Москвага фура айдачу жана дээрлик бир ай бою эч кандай байланыш болгон эмес. Мен анын колдоосуна жана каражатына канчалык муктаж болуп жатканымды билген да жок. Парктын скамейкасына отуруп алып ыйладым, өзүмдү аягандан башка арга калбай калды. Банктан насыя ала алган жокмун, нике шакегимен баштап болгон башка алтындарымдын бардыгын ломбардга тапшырып, колума дээрлик элүү миң сом акча алдым.

Биринчи айга дары сатып алып, ооруканага жеткирип бардым. Баламдын дарылоо курсун башташты, бирок менде көп акча калган жок, кийинки айга дагы 1,5 эсе көп керек. Эптеп майда-чүйдө менен иштеп баштадым, бирок айына 5000 сомдон ашык акча иштей алган жокмун. Мен дээрлик эч нерсе жебей калдым. Жолдошум байланышка чыкканда, ыйлап атып, ага баарын түшүндүрө албай койдум.

Менин абалымды көргөн дарыгер телефонду алып, жолдошума баарын түшүндүрүп берди, андан кийин телефонду кайра мага берди. Ал мага жакын адамдар ушундай кылганына аябай таңкалды. Акчаны ал банктан чыгара алган жок, бирок ал достору менен байланышып, ошол эле күнү кечинде алар мага толук дарылануу курсу үчүн, ошондой эле кошумча чыгымдарды жапканга жетерлик акча алып келип беришти.

Анын досторунун бири эртеси ооруканага келип, мени тынчтандырып, дарыгер менен сүйлөшүп, дагы эмне керек экенин талкуулап кетти. Мен аларга кантип рахмат айтарымды билбей турдум, анткени алар мени дээрлик таанышчу эмес.

Мага бейтааныштар жардам беришип, ордуна эч кандай ыраазычылык күтпөстөн уулумду айыктырышты. Туугандарым мени талаага таштап салгандай эле абалда калтырышты. Ушундай чечүүчү учурда алардын бардыгы мени таштап кетишти.

Балам тырышып атып, акыры айыгып чыкты, азыр жети жашта, ал дүйнөдөгү эң бактылуу жана дени соо бала. Жолдошум экөөбүз учурда бактылуубуз, анын достору берген акчаларын “карызга берген эмеспиз” деп кайра албай коюшту.

Алия

anan.kg

Аргумент.kg