Балама чалсам «Апа келбей эле кой атам аял алыптыр» деп ыйлады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатчызбы менин катымды чыгарып беринизчи аноним кылып.Менин 3 балам бар ажырашкам 3 жыл болду. Күйөөмө менен жашап жүрүп көп кыйналдым чон уулум инвалид 2-уулуму айына жетпей төрөп 2 ай жашап чарчап  калды. Андан кийин 1 кыз 1 уулдуу болдук, үй жай кылып бутка турганда кайнимдин кайненемдин жаңжалынан эки жолго түштүк. Көзүмдү жумуп балдарымы таштап Орусияга барып иштеп 2 бөлмөлүү батир алдым, балдарыма тынбай акча кийим салып турдум. Эми биротоло мекенге келип балдарымды карап өз арабамды тартууга бел байлагам. Кызымды беришпей койду. 2-уулумду каникулга жөнөттүм чоң атасы сагындым дегенинен. Балама жетип алдыңбы деп чалсам «апа келбей эле койбопмун атам аял алыптыр» деп көз жаш кылып атат
Аны угуп каңырыгым түтөп ичим тызылдап атат. Кайненем балдарыңды бербейм керек болсо өгөй апасын апа дедиртем, сен отура бер инвалид балаң менен сени ит да албайт дейт. Өзү кайненем бакшы тынбай кара дуба окуйт сүрөттөр мазардын топурагы менен. Балдарымды да окуп мага тескери кылып бербей коёбу деп корком. Кеңеш бергилечи

Аргумент.kg