Балага тарбия бере албайсың деп мурунку аялын сабап салган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Балдарга туура тарбия бере албайсың деп мурунку аялын ур токмокко алган. Бул тууралуу Кара-Суу райондук соттун өкүмү чыкты.
Маалыматта 42- жаштагы айыпкер аялы менен эки бөлөк жашап келген. Кээде барып балдарына каралашып жүрчү. Окуя болгон күнү уулу досунун үйүнө барып компьютер ойноп келе турганын айтып суранып кеткен. Уулу кайтып келгенде анын ичимдик ичип келгенин байкап уулун уруп баштаган. Аялы болсо уулун коргоого аракет кылганда уулуна туура эмес тарбия берип жатканын айтып сабап салган. Аял алган жарааттан улам бир жумадай төшөккө жатып калган. Сотто айыпкер айып пул жок жаза берүүсүн суранган. Сот айыпкерди 80 сааттык кара жумушка кести.

Аргумент.kg