Бакытбек Сыдыков кызматтан бошотулду

Бакытбек Сыдыков кызматтан бошотулду

09-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери Осмоналиева

Октябрь окуяларынан кийин Манас аэропортунун директору болуп дайындалган Бактыбек Сыдыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу биздин сайтка өздүк булактарыбыз билдирди.  Бактыбек Сыдыковду коомчулук эл аралык каттамдардын билеттеринин кымбатташы боюнча сындап келген. Ошондой эле жарандык активистер дагы анын дайындалышына каршы митингдерди уюштуруп, аны Бакиевдин кадры экенин баса белгилешкен.
ARGUMENT.KG