Бакыт Төрөбаев: «Жалгандын дагы чеги болуш керек!»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүнкү күндө деле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч — аракетибизди жасап, иштеп жатабыз. Мындай пикирин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.

«Жалгандын дагы чеги болуш керек!

Биз тууралуу такталбаган маалыматты таратып, коомчулуктун көңүлүн туура эмес жакка буруп, азык — түлүк кластерине бөлүнгөн жеңилдетилген насыянын акчасы келбей туруп, «аны бөлүп алды» деген сөз жалган! Кудайга дагы жакпаган иш!

Бул насыя алынган эмес, алынбайт дагы!

Өндүрүштө иштеп жүргөн мезгилде, депутат кезимде азык — түлүк коопсуздугу багытында көптөгөн иштерди жасадык.

Мына, үч жума мурда эле негизги азык-түлүккө баалар өсүп, эл арасында тынчсыздануу жаралганда мамлекет, элге жардам берүү максатында ушул «Дан Юг», «Мариям Ош» заводдору бааларды турукташтырууга өз салымын кошушту.

Бүгүнкү күндө деле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо багытында биз бүт күч — аракетибизди жасап, иштеп жатабыз.

Биздин эл азык — түлүк менен камсыз болуш керек. Бул үчүн дыйкандарыбызга максималдуу шарт түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.

Негизги азык — түлүк тартыштыгына жол койулбайт!

Элибизде ынтымак болсун!», — деп белгилеген ал.

Аргумент.kg