Бакыт Бакетаев: «Мушташтан жеңилип, согуштан жеңүү керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

1940-жылдын июнунда француз өкмөтүнүн башчысы, маршал Анри Петен немецтерден элдешүүнү суранган. Ага чейин өкмөт башчысы болуп турган Жан Рейно фашисттик Германияга катаал каршылык көрсөтүүнү жактай турган.

Бирок маршал Петендин бул кырдаалда өзүнүн тактикасы бар эле: ал Франциянын үчүнчү рейхти жеңүүгө кудурети жетишине ишенбеген, ошондуктан, элдешүүнү активдүү колго алган. Ооба, Париж кулады, бирок аскерлердин жана жай тургундардын арасындагы жоготуулар да аз болгон. Азыр гана президент Садыр Жапаров өткөн жылкы кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда ок атууга буйрук бербегенинин себеби түшүнүктүү болду.

Ал убакта конфликт курч мүнөзгө өтүп кетүү тобокелчилиги жаралган: ошол убакта эле эки тараптан ондогон адамдар курман болуп, жүздөгөн адамдар ар кандай жарааттарды алганы айтыла баштаган. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн жогорку колбашчысы жалынды тутанар алдында өчүрүүнү туура көрүп, эскалацияга барган жок.

Кыргыз аскерлеринин күчөбөгөнүн көргөн тажик аскерлери да демин суутканга аргасыз болушту, а чек арада бир нече убакыттан кийин табыгый түрдө тынчтык орноду, бул сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө жол ачып берди. Учурдагы Украина кырдаалында да Киев тараптан ийкемдүү мамиле керек болууда. Эгер каршылык көрсөтүүнүн градусу күчөсө, Россиянын аскери кубаттуулугун жогорулатат, артыкчылык орус тарапта болот.

Ошондуктан, эң башкысы адам өмүрлөрүнүн кыйылышына жана дагы башка зыяндарга жол бербөө үчүн Назалежная жетекчилиги Москва менен мындан аркы кагылышуудан баш тартып, көрөгөчтүгүн, саясый ийкемдүүлүгүн көрсөтүшү керек. Башкача айтканда, мушташтан жеңилип, мааниси өзүнүн миңдеген жарандарынын өмүрүн сактап калуу болот, бул – согуштан жеңип чыгуу менен барабар.

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg