Бакылдаган Бактыбек Калмаматов түрмөдөн «сынып» чыгыптыр…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алгач Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди ашата сындап, бакылдап, «баатырга» айланып кеткен Бактыбек Калмаматов камалганда бүрүшө калып, духу түшкөнүн СИЗОдон көргөндөр айтат.

Абактын аурасы «жеп», бир жагынан камактагылар каарып, кыйла айласын кетиргенде эки колун көтөрүп бериптир. Бийлик өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүп, эркиндикке чыгууну «соодалашып», оозун басып, тек жүрүүнү убадалаганын билдиришти.

Реалдуу жашоодо «сынып» калыптыр. Чоң саясатчы боло турган адам «отко, сууга салса да майышпаган», бекем тураарын унутпайлы. Ошондо гана ийгиликке жетишет.

А жөн гана бакырып, үнүн өктөм чыгаруу менен күпүлдөп, анан түрмөгө киргизсе бүжүрөп, «жансоогалап» жалдырап калса, мындайда арзан бааланат эмеспи. Айтор, Бактыбектин баасы берилип, балакай сыңарындай эч ким эсептешпей калганы ушулбу?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg