Бактыгүл Сейитбекова: Роза Аманованын эки баласын бирдей сойдуруп кетем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Акын Бактыгүл Сейитбекованын ырчы Роза Амановага карата болгон коркутуусу коомчулукта талкуу жаратууда. Буга чейин анын аудиоклиби тараган болчу. Бул ирет интернет айдыңында акын Бактыгүл Сейитбекованын дагы бир аудиоклиби тарады.

“- Өзүнүн деле өлүмү жакындап калды. Эки баласын бирдей сойдуруп туруп анан кете берем. Тетиги Арстанынын өлүгү келет. Өзүнө да ошентип айттым. Москвада мени түрмөдөн куткарган кыздар толуп жатат”, – деген эч нерседен тайманбаган Бактыгүл Сейитбекова.

Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Роза Аманова акын Бактыгүл Сейитбекова менен уулунун үстүнөн аргасыз арыз жазган.

Анын сотко кайрылуусунун негизги себеби, Бактыгүл Сейитбекова убактылуу алган мүлктөрүн кайтарып бергиси келбей, Роза Аманованы “- Балдарыңды өлтүрүп кетем” деп коркутканында болгон.

Акындын бул кадамынан соң, Роза Аманова “Баары мыйзам чегинде чечилсин” деп сотко кайрылганы тар чөйрөдө сөз болууда.

Маданият өкүлдөрүнүн арасында жүрүп жаткан сөздөргө караганда, жадакалса Сейитбекова Аманованын апасынын сөөгү чыккан үйүн да бергиси келбей жатат.

“Балдарыңды өлтүрөм, күйөөңдү машинасы менен кошо өрттөйм” деген өңүттөгү коркутуп-үркүтүүнүн негизинде Бактыгүл Сейитбекова эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын ала маалыматтарга караганда, мындан да башка далилдер бар. Азырынча сот бул тууралуу так маалымат бере элек.

Белгилей кетсек, Сейитбекова менен уулунун баш коргоо чарасы 17-октябрь күнү Октябрь райондук сотунда каралып, 2 айга камоо чечими чыккан. Азырынча ырчы бул тууралуу комментарий бере элек.

Бактыгүл Сейитбековага алданып, “кидать” этилген адамдар четинен үн ката башташты. Ооба, а көрсө ага алданып калган жалгыз эле Роза Аманова эмес экен. Буга чейин Токтокан Эсенова аттуу айым акынга алданып калганын айтып, президент менен башкы прокурорго видео кайрылуу жасаган.

Аргумент.kg