Бактыбек Калмаматов: «Түрмөдөн чыгып, такка отургандан кийин эле баарын унутуп калышат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Менин эмне үчүн камалганымды элдин баары билип, түшүнүп турат», — деди абактагы Бактыбек Калмаматов. Бул тууралуу ал бүгүн, 12-январда сот отурумунда билдирди.

«Менин камалганым боюнча Садыр Жапаров айтыптыр, «тергөө териштирсин» деп. Ошол Жапаровдун ишин мыйзамсыз тергеген бир да тергөөчү иштен алынбаптыр.Бир да сот камалбаптыр. Анан кайсы сот адилеттүүлүгүнө үмүт артабыз?! Баары түрмөдөн чыгып такка жеткенден кийин баарын унутуп жатат. Адамды ак жеринен күйгүзгөнгө эч кимге уруксат берилген эмес. Бүгүнкү күндө мага бийлик тарабынан зулумдук, акыйкатсызды болуп жатат.

Негизи бул иш август айында козголгон экен. А мени жасады деп жаткан иш ноябрь айында жарыяланыптыр. Ушул акылга сыябы? Бул жөн эле мени камоонун аракети. Менин жактоочуларым дагы деле иш менен тааныша эле, буларга эмне үчүн камалганым борюнча маалымат берише элек. Мен камалгандан бери мени эч ким суракка ала элек.

Мен президентке кайрылам, эгер Кудайдан корксо, адилеттүүүлүк ага жүктөлгөн аманат экенин билсе, бул ишке аракет кылып, чара көрүшү керек. Мен Кара-Кулжанын кулуну боло тура Ысык-Көлдүк Садыр Жапаровду колодоп, президент кылууга аракет кылдым. Мен жада калса Сооронбай Жээнбековду ачык сындап келгем. Мени эч ким трайбалист деп айта албайт.

Мени эл камактан алып чыкмайынча мен отура берем. Булар мени бошотушпайт», — деди Калмаматов.

Эске салсак, экс-депутат 22-декабрда «Манас» аэропортунан чет өлкөгө учканы жатканда кармалган.

УКМК билдиргендей, Калмаматов социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар деген маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Аргумент.kg