Бакиевдин чуулуу маегинен улам нааразы тараптар Бишкекте митингге чыкты.

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Качкын президент Курманбек Бакиевдин чуулуу маегинен улам Апрель окуясында каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар митингге чыкты. Бүгүн Апрель элдик революциясынын баатырлары эстелигинин алдына болжол менен 50дөй адам чогулуп, элге жана бийликке кайрылуу жасашты. Алар Акаевди актап өлкөгө чакыруу жана Бакиевди көз көрүнөө актоо аракеттерин байкап, тынчсызданып жатканын айтышты. Бакиевден интервью алып, аны «экс» деп атоого журналист Кошалиев кимден уруксат алганына кызыгышты. Алар адам өлтүрүүгө себепкер болуп, мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Курманбек Бакиевдин камалышын талап кылышууда. «Журналист Кадыр мырза, сизге эч ким моралдык укук берген эмес. Аны «экс» деп атоо үчүн элдин чечими, укугу болушу керек. Урматтуу курултайдын өкүлдөрү, мына көрүп алгыла! Кимди шайлагансыңар? Урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин тынчтыкты, туруктуулукту, элдин биримдигин колтугунда котур ташы бар журналист бузуп жатат. Ал бузуку», — деди Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg