Бакиевдин аялынын сөөгүн алып келген учакты Бишкекке кондурбай койдубу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Соцтармактарда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшованын сөөгүн алып келген учакты бийлик Бишкекке кондурбай койду деген маалыматтар таркатылып жатат.

Буга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жооп берип, бул маалымат чындыкка дал келберин билдирди.

“Социалдык тармакта “Самолет менен Минскиден келеткан Назгүл Төлөмушованын  сөөгүн бийлик Бишкекке кондурбай койду” деп таркатылып жаткан маалымат чындыкка дал келбесин билдиребиз”,- деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.

Султанбаевдин айтымында Назгүл Төлөмүшованын сөөгү салынган учак кечээ, 17-январда, Бишкекке конуп, жакындары анын кичи мекенине алып кеткен.

Ал жалган маалымат таркатуу үчүн тиешелүү мыйзамдардын чегинде жоопкерчилик каралганын эске салып, такталбаган, коомчулукту удургуткан жалган маалыматтарды жайылтпоого чакырды.

17-январда мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жубайы Назгүл Төлөмүшева оорудан улам каза болгондугу белгилүү болгон. Сөөктү маркумдун бир тууган сиңдиси алып келери айтылган. Анын сөөгү бүгүн, 18-январда өзү туулуп өскөн Казарман айылындагы ата-энесинин үйүнөн жерге берилери маалымдалган.

Аргумент.kg