Бакиевдер Кыргызстанга көчүп келишет…

Бакиевдер Кыргызстанга көчүп келишет…

07-чын куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

Экс-президент Курманбек Бакиедин бир тууганы Жаныш Бакиевдин 65 жашка чыккан салтанаты коңшу Казакстандын Кордай районундагы «Туран» кафесинде өткөндүгү айтылууда. Тойго КРдан бир топ ырчы-чоорчулар жана бир далай сыйлуу коноктор да баргандыгы айтылууда. Жаныш Бакиев  оор беренелер менен сыртынан соттолгон. Көпчүлүгү  буйрутма өлтүрүүлөрдү  уюштурган деген сыяктуу татаал кылмыштарды жасаган. Тойдо бир далай куттуктоо сөздөр сүйлөнүп эмки салтанат Кыргызстанда өтсүн дегенге чейин барышыптыр. Жаныш Бакиев өзүнө коюлган оор күнөөдөн оңой-олтоң кутулуп кететби деген суроо жаралууда. Кийинки убакта күчөп жаткан Бакиевдер КРга кайра келип тынч эле жашап калышат деген сөздөрдүн артында эмне маселе жатат?

Булак: Аргумент.кж