Бакиевден маек алган Кошалиевдин кошоматтыгы, “дүжүрлүгү” күлкүнү келтирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Курултайчы Кадыр Кошалиев Минскиге барып, Курманбек Бакиевден интервью алыптыр. Эми көргөн киши бир эсе “арты” менен күлчүдөй. Ушунча да “дүжүр” беле? Эзилип суроо узатып, анысына өзү кайра жооп берип, чайналганына күбө болдук. Чыныгы журналист түз, сынчыл, ыңгайсыз собол жолдойт эмеспи. Тилекке каршы, Кадыр Кошалиев жалтактап, көрөрмандардын кызыкчылыгын ойлобой эле Курманбек Бакиевге жагына бериптир. Каймана иретинде мактап өтүүгө да үлгүрөт. Эрксизден баш чайкайсың да. Коомубузда ушундай чалдар көп болгону үчүн алдыга кадам шилтенбей, сазга батып жатабыз да. Кыскасы, Кадыр Кошалиев кошоматчылыкты кызытып бериптир. Ай, кыжырды келтирет да! Ал эми Курманбек Бакиевге карата мезгил, тарых убагы келгенде көп нерсени ачыктайт. Буга чейинки соттун чечимине ынанбаса, дагы талдоолордун негизинде укуктук баа берилери ажеп эмес.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg