Бакиев Дубайдагы жолугушуу тууралуу пикирин билдирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандын буга чейинки башчыларынын Дубайдагы жолугушуусу тууралуу NazarNews басылмасына маек куруп, мындай форматтагы жолугушуу ал үчүн эле эмес, бардыгы үчүн күтүүсүз болгонун, бул баргандардын биринчи реакциясынан эле байкалып турганын айтты.

27-февралда жарыяланган маегинде Бакиев демилгени оң баалаганын, жолугушуу тынч өткөнүн, баары аягына чейин отурганын, Садыр Жапаровдун жеке кызыкчылыгы болбогонун белгилеген.

“Бул демилге анын саясатчы катары жетилгенин көрсөтөт”,- деген Бакиев.

2010-жылдын апрелиндеги жана июнундагы адам өлүмүнө алып келген окуялар боюнча күнөөсү такыр жоктугун айтып, «тергөө же сот иштерине катышууга даярмын деп мен мурда эле бир нече жолу айтканмын” деп билдирди.

Президент Садыр Жапаров жолугушуу өткөнүн 18-февралда кабарлап, мурдагы президенттердин башын бириктирүүгө эл-жердин ынтымагын ойлогону үчүн барганы менен түшүндүргөн.

Кыргызстандын алты президенти бир жерге чогулганы коомчулукта кызуу талкуу жаратып, айрымдар президент Жапаровдун мындай кадамын колдосо, бул иштин мыйзамдык жагын айтып, сынга алгандар да болгон.

Аскар Акаев жолугушуу бардыгы үчүн күтүүсүз болгонун билдирип, муну «тарыхый окуя» катары баалап, «мурдагы президенттер жолугушуунун аягына чейин отуруп, Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп беришти” деп айткан.

Алмазбек Атамбаев: «Мен дагы өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалайм. Президент Жапаровдун жакшы ниетин баалайм. Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай түзүлдү”,- деген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Жапаровдун мурдагы мамлекет башчыларды чогултуп ынтымакка чакырганын кубаттаган жана ага чейин Бишкекте Алмазбек Атамбаев менен жолугуп, кол алышканын ырастаган.

Кыргызстан эгемендик алган 1991-жылдан бери өлкөнү беш президент башкарды. “Экс-президент” деген расмий макам алардын экөөндө гана – Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдо бар. Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев “экс” макамынан 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн декрети, Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин 2019-жылдын 27-июндагы токтому менен ажыратылган. Бешөөнүн арасынан Отунбаева менен Атамбаев мөөнөтүнүн аягына чейин отуруп, бийликти өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Дубайда өткөн жолугушууга Курманбек Бакиевдин катышканы өлкөдө кызуу талкуу жаратып, айрымдар муну кескин сынга алышкан. Өлкөнү 2005-жылдагы Март ыңкылабынан кийин жетектеген Курманбек Бакиев башында турган бийлик 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин кулатылган. Бакиев жакындары менен чет өлкөгө качып кеткен, өзү ушул тапта Беларуста баш калкалап жүрөт.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы он чакты факт боюнча айып тагылган, мурдагы президент өзү сыртынан жалпысынан 30 жылга эркинен ажыратылган. Башкы айып 2010-жылдын 7-апрелинде Бишкектин Ала-Тоо аянтында адамдар өлтүрүлүп, жараат алганы боюнча. Иниси Жаныш Бакиев жана кенже уулу Максим Бакиев Апрель окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин кесилген. Тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон. Бакиевдер мекенинде коюлган айыптарды четке кагып келет

Аргумент.kg