Байсалов асмандагы бүркүт болсо, Маткеримов сары ооз балапанбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештен “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Айбек Маткеримов аттуу депутат вице-премьер-министр Эдил Байсаловго кыр көрсөтүмүш этип, кыйынсынганга аракет жасады. Сөзүнүн деле мааниси жок, эптеп сүйлөп калуу жандалбасы окшойт. Иралды Айбек китеп окуп, билимин, деңгээлин өстүрүп, анан үнүн өктөм чыгарса жарашат. Эдил Байсалов эл аралык алкактагы саясатчы, акылы, тажрыйбасы жогору. Калктын камын көрүп иштеп атат. Кыскасы, парламенттеги бул көрүнүш: асманда каалгый учкан бүркүткө жердеги сары ооз балапандын чыйпылдаган образыбы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg