
Байма-бай светтин өчкөнү бийликке сын жаадырып, Атамбаевдин аброюн көтөрүүдө
28-үчтүн айы, 2023-ж // Саясат // Айпери ОсмоналиеваУшу тапта Алмазбек Атамбаевдин колдоочулары, электораты өткөн күндөрдүн жакшылыгын эске салышууда. Кандайдыр бир деңгээлде пиар жагына алынгандай. “Атамбаевдин бийлиги тушунда свет өчкөн эмес, азыр күнүгө эки-үч маал жарыксыз калып атабыз. Сууктун күнү кыйналдык…” деген сыяктуу арыз-армандар карапайым калк тарабынан катуу айтылууда. Бир эсе элибиздин көпчүлүгү кымбатчылыктын айынан кайышып, анан жарык да байма-бай өчүп, кандайдыр бир деңгээлде нааразычылыктарды жаратууда. Шаар, аймактарда бийликке карата сын-пикирлер курчуп, чет-бучкагы соцтармактарга да чыгып кетүүдө. Айтор, кыш күнүндөгү абал көңүл жылытарлык эмес. Мындай шартта абактагы Алмазбек Атамбаевдин аброю өсүп баратканы байкалууда…
«Азия Ньюс» гезити