Байкем Москвадан өзүнөн улуу аял менен жашап жүрөт экен…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып коёсузбу. Кеңешиңиздер керек болуп жатат. Анда сөз башынан болсун. Жакында бир тууган 94-жылкы агам үйлөнмөк, кызды болуп койдук кече эле. Агам Москвада көп жылдан бери жүрөт, анан ал жакта повар болуп жакшы иштеп жүрчү. Ошол жакта өзүнөн 5-6жаш чоң аял менен жашап жүрүптүр. Агам ата-энем айткан сөзүн эки кылбага бой десе бою бар, же ал аял алдап алганбы билбейм. Башыбыз катып отурат, былтыры да үйлөндүрөбүз канча кыз таптык, баарын эле макул болбой койду деп аткан. Көрсө ал аял, ал кыздардын номерин таап меники болот деп жөн жүр деп жаза бериптир, дубалап коюптур. Эми той болот эми ал дагы чыкса эмне болот деп жатабыз эл караган жүзүбүз жер карап калбаса экен деп коркуп жатабыз. Эмне кылыш керек кеңешиңиздерди айтыңыздар. Мындай нерсе башыбызга келет деп эч ойлобоптурмун… .

Аргумент.kg