Бай «жигитим» алтымыш жети жашта,өзүм жыйырма экидемин…

Бай «жигитим» алтымыш жети жашта,өзүм жыйырма экидемин…

07-аяк оона, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Менин атым Элиза, тоолуу райондордун биринде туулуп өстүм.Шаарга окууга келип,орточо жогорку окуу жайлардын биринен билим алууну баштадым.Бир жыл бат эле өттү.Өзүмдү татынакай экенимди сезип баштадым.Нуркыз аттуу курбум бар эле.Ал дайыма мага: «Элиза сен аябай сулуу кызсың,бирок өтө эле жупуну кийинесиң,кийимдериңди тез арада оңдо» деп калды.Мен түшүнбөй калдым.Ооба,өзүм дагы мыкты кийингим келчү,бирок ата-энемдин чамасы чак.Ал эми Нуркыз болсо экинчи курстан баштап эле кулпура баштады.Кийимди-кийимден тандап кийет,жакшы квартирага да көчтүм деп калды.Бир күнү эле мени конокко чакырып калды.Бардым,бир комнаталуу келишкен квартира экен,эмеректери да жаркырайт,муздаткычы толтура тамак экен «Кадырлуу адамдар келет жардамдашып кой» .Мен жардамдашып түрдүү салат тамактарды даярдадык.Бир-эки сааттан кийин эшиктин коңгуроосу шыңгырап менин атамдан да улуу болушкан эки адам кирип келди.Кийингендери кымбат,чыкыйышат.Тамакты ташып үстөлгө отурганыбыз да тигилер кымбат ичкиликтерди алып чыгышты.Ар деме бирдемени сүйлөп тамактан алып ичкиликтер куюла баштады.Мен ичкиликке такыр жологон жокмун.Нуркыз болсо аз аздан ичип өңү башы тамылжый баштады.Мен өзүмдү өтө ыңгайсыз сезип турам,бирок тигил адамдар деле сыпаа отурушту.Ашыкча эч нерсе сүйлөшкөн да жок.Бир маалда кетем деп баштасам макул болушту.Тиги адамдардын бирөө мени машинасы менен үйгө жеткирип койду.
Эртеси Нуркыз сабакка да келген жок.Бир күндөн кийин келди да танапис учурунда мени четке чакырды.»Элиза сен эми мектептин окуучусу эмессиң,ачык айтайын кечээкилердин бирөө менин ойношум.Бардык жакты камсыз кылат,келесоо жаштарга караганда булар абдан жакшы.Ачык айтсам досу сени аябай жактырып калыптыр…» Мен анын созүн толук укпай ары басып кеттим.Жиним ушунчалык келди,экинчи жолу Нуркыз менен жакындашкым келбей калды.Бирок Нуркыздын башка бирөөнүн көңүлүн таба билген касиетти бар эле.Мамилени үзүүгө жол берген жок.Экинчи жолу да үйүнө чакырып: «эч кандай жаман иш болбойт жөн гана биз менен отуруп ,анан кетип кал»- деди. Дагы далай сөздөрдү айтып акыры көндүрдү.
Эмне кылып мени ичирип салды билбейм.Башым айланып кускум келе баштады.Андан аркысы эсимде жок.Эртеси ардандым,атамдан уулу адамга мас болуп жакындашып калганыма өтө кайгырдым.Өлгүм келди,үчөөлөп мени укмуш сөздөр менен арбап киришти.Өзгөчө азыркы жаш жигиттердин акмак экендиктерин жаш сулуу кыздарды оюнчук кылаарын кайра-кайра айтышты.Андан көрө биз сени коргоого алабыз,жардамдашабыз деген сыяктуу укмуш создөрдү айтышты.Эмне болдум билбейм ,ахвалым өтө оор болчу,ошондон тартып Нуркыз эмне десе ошонусуна көнүп калдым.Чөнтөгүм акчага толот,каалаганымдын баары аткарылат.Андай кенен жашоого көнө түштүм
Тиги 60 эчак өтүп кеткен «жигитимди» жаман адам деп да айта албайм билимдүү,акылдуу ,мени аябай көкөлөтөт.Бирок жалгыз калган учурумда өзүмдү жөргөмүштүн торуна илинген чымындай сезип кетем.
Ушундай ахвалдан кантип кутулам,келечек тагдырым эмне болот?Айтоор, башымды ооруткан суроолор көбөйгөндөн көбөйүүдө…