Багдадда кыргызстандык кыз каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Багдад шаарында иштеп жүргөн С.М. аттуу кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди

Маалым болгондой, буга байланыштуу ирак тарап менен С.М. аттуу КР жаранынын өлүмү боюнча фактыны тастыктоо/жокко чыгаруу өтүнүчү менен ыкчам сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ирак тарап Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча КР жараны С.М. болжол менен каза болгондугун, ал эми бул учурда маркумдун сөөгү Багдад шаарынын өлүкканасында жаткандыгын билдирди.Учурда бул окуя боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат күтүлүүдө.

Бул маселе боюнча бардык иштер маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.

Маселе министрликтин көзөмөлүндө.

Аргумент.kg