Бабановго козголгон кылмыш иш токтотулду
22-аяк оона, 2018-ж // //Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев парламенттин 19-сентябрдагы жыйынында Өмүрбек Бабановго карата козголгон кылмыш иши эмне болгонуна кызыгып, УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго суроо узатты. Эл өкүлү Бабановдун президенттик шайлоонун алдында Ош шаарынын Он-Адыр кичи районунда сүйлөгөн сөзүндө кастыкты козутуу болбогонун эл аралык жана биздин серепчилер айтышканын белгиледи. Мындай кабыргасынан коюлган суроого УКМКнын жетекчиси Кадыркулов: «Иш боюнча айтсак, биз жооп күтүп жатабыз. Азырынча иш токтотулган», – деп билдирди. Бул жообу аркылуу Кадыркулов мындан ары кылмыш ишин эмне кылуу туурасында президентгин айта турган ишаратын күтүп, каш-кабагын байкап жатканын кыйыткандай болду.
Булак: “Фабула”