Бабановдун бийликке кызарган көзү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бабанов партиясын өткөрүп бергендиги эң негизги болбосо дагы орунттуу темалардын бирине айланып турган учур. Саясаттан кеттим дегендей билдирүү да жасап жиберди. Мына ушул билдирүүнүн артында эмне жатат? Чындап эле элүүгө жаңы чыккан саясатчы, саясаттагы жолунан тайып калдыбы? Бул жерде табышмактуу маселелер арбын сыяктанат. Жакынкы эле тарыхка кайрылалы. Президенттик шайлоодо Өмүрбек Бабанов атаандашына бир топ эле каршылык көрсөтө алды. Бир далай шайлоочунун колдоосуна да жетишти. Андан кийин эле «эч жакка кетпейм, Кыргызстанда эле болом»- деп жарыя кылганы менен бат эле Москвага жылма миграцияга кетип калды. Күтүлгөндөй эле ага ар кандай кылмыш иштери да козголду. Бабанов Москвада жатып алып, барам жакында соттон качпайм дегени менен бир топ убакыт мекенине кайтып келген жок. Бирок ошол эле учурда азыркы да мурунку да Президент жөнүндө ачык пикирин билдирбеди. Негизи эле саясатта жалпыга көрүнгөн аракеттер менен көмүскө жасалчу иштер бар экендиги белгилүү. Бирок алар имиш-имиш болуп бат эле билинет.
Ошондой аракеттер Бабановдун тегерегинде жүрдү. Аны менен жолугуптур, муну менен жолугуптур деген сөздөрдөн кийин камалбасына кепилдик алган сыяктанып Кыргызстанга келди. Тергөө органдары Бабановду бир нече жолу чакырганы менен иш акырындык менен жылжып аккан булак сымал соолуп калды. Эми эмне болот? Биздин пикирибизче Бабанов саясаттан биротоло кеткен жери жок. Ал жөн гана канча убакыт экендиги белгисиз тыным (пауза) алды. Анткени ал биринчи кезекте Бабановду Бабанов кылып турган байлыгын сактап калгысы келип турат. Экинчиси, бул замандар өтүп ыгы келген учурда азыркы бийликке деле тиш кайрашы толук мүмкүн. Демек анын билдирүүлөрү саясатчыга тил оюн жашыру үчүн берилген деген лакапка окшошуп калды.
Булак: “Кабар Инфо”

Аргумент.kg