БАБАНОВ “РЕСПУБЛИКА” ПАРТИЯСЫН ТАРТТЫРЫП ЖИБЕРДИ…

Шайлоо жакындаганы саясый айдыңда өзгөрүүлөр күтүлүүдө. “Республика” партиясы Өмүрбек Бабановдун карамагынан чыгып, башка адамдардын колуна өтүүдө. Бул боюнча жакынкы күндөрү съезд болгондо “кожоюндар” кимдер экени ачыкка чыгат.
Негизи Бабанов “саясый сойкулуктун” жогорку үлгүсүн көрсөтүп, “саясатка аралашпайм” деп жансоогалап, кара башы жана бизнесинин айынан соодалашууга барганы коомчулуктун кыжырын келтирди. Кийин ал саясатка кайра аттанса деле тарапташтары, карапайым калк да ишенбей калары ачык байкалууда. Орто жолдон таштап кетүү жигитчиликте жат көрүнүш эмеспи. Айтор, соодагерден акыры саясатчы чыкпасын Бабанов ачык үлгү менен далилдеди. Партиясын тарттырып жибергенден кийин кайсы арына сүйлөмөк эле?..-деп Арыба.кж сайты жазып чыккан.

Аргумент.kg