Бабанов менен Матраимов бир күндө камалабы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда сурак берип жаткан Өмүрбек Бабанов менен жарым жылдан ашык убакыттан бери байлыгы текшерилип жаткан Раим Матраимов экөө чогуу бир күндө камакка алынаары тууралуу маалымат тарады. Демек, бул экөөнүн камакка алынышы менен бийлик өлкөдөгү саясий абалдын туруктуулугун сактап калууга мүмкүнчүлүк адат. Эгер Бабановдун өзүн эле камап коюшса нааразычылык,саясий толкундоолор жүрүп кетиши толук мүмкүн.Мындай жагдайды болтурбоо үчүн бийликке Раимди камакка алуу абдан ыңгайлуу фигура болот.Анткени, көпчүлүктүн бийликке сын айтканы дал ушул Матраимовдор маселесинде болуп жатат.
2010-жылдыгы мародерлук жана июнь окуясы кайрадан тергелиши керек
2010-жылдагы 7-апрель окуясынан кийинки мародерлук иштер жана Жалал-Абад, Ош облустарындагы июнь окуясы кайра башынан иликтенип, тиешелүү адамдар жазасын алуусу керек.Мисалы мародерлук ишке катышкан белгилүү саясий фигуралардын ысымдары аталган. Ал боюнча учурда түрмөдө отурган Абдылда Юсуповдун билдирүүсү бар. Карапайым адамдар чындык үчүн чыркырап, аянтта Бакиевдин огунан кансырап жатканда, талап-тоноочулукка барган уяты жоктор жоопсуз калбашы керек. Ошол эле учурда түштүктө июнь окуясы боюнча ошол кездеги өлкө башчысы Роза Исаковна да бир топ жагдайды айтып берсе керек….
Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg