Бабанов козголгон кылмыш иштерин тоготпой, тойдо ырдап чыкканы жумурай-журтту таңгалдырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2017-жылы шайлоо астында Сооронбай Жээнбеков: «Өмүрбек иним, сага 25 суроом бар. Мен президент болуп калсам, сен жооп бересиң!» деп кекеткени эсибизде. Анан эмне болду?
Президенттик шайлоодон кийин Бабанов «куйругун түйүп», Кыргызстандан кетүүгө аргасыз болгон.
Себеби, кылмыш иштери козголо баштаган. Сыртта бир топ убакыт жүргөн соң, өткөн августтагы Кой-Таштага окуядан кийин дароо Бишкекке келе калган. Анан кылмыш иштери биринен сала бири козголуп, күбө катары суралып аткан эле. Аңгыча Москвага эс алганы чыгып кетип, кайра келе калып Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда ырдап чыкканы жумурай-журтту таңгалдырды. Пиар кылуу жагынан кыйын экенин көрсөтүүдө. А эл ичинде түрдүү түшүнбөстүктөр орун алганын кайда жашырабыз? «Сокенин 25 суроосуна жооп бербесе да, козголгон кылмыш иштери бүткөнчө оор басырыктуу эле жүрбөйбү? Бабанов бийликти тоготпой калган, же сатып алганбы?» дегендей таңыркоолор бүтпөй жатат.
Айтор, Акаев, Бакиев жана Атамбаевдин да «башын айландырган» Бабанов бу жолу да суудан кургак чыкканы ушулбу?
Булак: «Азия нюс»

Аргумент.kg