
Баарына жетишкенге аракет кылам, бирок кайненем мени жаман көрөт
27-жалган куран, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваСаламатсызбы , чыгарып коюнузчу сураныч. Турмушка чыкканыма 4 жыл болду, 1 балам бар үйдө жакшы эле жумуш кылам. Кайненемдин айтканынан чыкпайм, күйөөм жакшы мамиле кылат колунан келишинче. Кайнежем 2 баласы менен биздин үйдө жашайт. 5-4 класстагы балдар, аларды мектебине алып барып алып келем, колуман келишинче баарын кылганга аракет кылып жатам. Бирок мени эч жактырышпайт, өзүм дагы иштейм, жумушум үйүмө жакын эле улам суранып балдарын мектепке алып барып, алып келип, курсактарын тойгузуп, идиш жууп кайра келип иштеп, кечинде тамак жасап, бош болсом үй жыйнап күнүм ушундай өтөт. Бирок эмнеге билбейм кайнене, кайнежем мени ушундай жаман көрүшөт, отвратительно карашат. Акыркы күндөрү соолуп, ден соолугум болбой барат, ушундай көз караштан да оорушум мүмкүнбү?