Азиза Абдирасулова: “Кемпир-Абад суусун агызып салсак, элибизге пайдасы тиймек”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Азиза айым, 20дан ашык жарандар камакка алынышты. Ушу боюнча эмне дейт элеңиз?

— Баардыгы 24 адам болду. Булардын кармалышы, соттолушу боюнча коомчулук өз баасын берип атат. Мен муну түздөн-түз саясый куугунтук, саясый кармоолор катары эсептейм. Кыргыздын жерин берүү элдин талабына, пикирине, кызыкчылыгына каршы болгон чечим.

— Кемпир-Абад боюнча айтып атасыз да?

— Ооба, Кемпир-Абад эч качан Өзбекстандын жери болгон эмес. 1965-жылы СССРдин убагында ошондогу Өзбекстандагы пахта талааларына суу жетишпегендиктен биздин Кыргызстандан агып өткөн Кара-Дарыя суусун бөгөп, суу сактагыч кылып, кышы менен сууну чогултуп, анан жазы менен Өзбекстандын талаачылык иштерине суу берүү максатында Москванын чечими болгон. Кыргызстандын эң сонун күрүч талаасы менен биздин дыйкандар 5000 гектар жери аркылуу оокаттарын кылышкан. Аны Москванын басымы менен суу сактагычка айлантууда Өзбекстан ошо 5000 гектар жердин ордуна башка жерден жер беребиз деп Ала-Букадан, Аксыдан, Ноокенден, Сузак райондорунун айланасынан жана Ош облусунун Кара-Суу райондорунан жер бергенге макул болушкан. Ошондой эле Сох суу сактагычын куруп берүүгө убада беришкен. Алардын жарым-жартылайы гана аткарылып, калгандары калып кеткен.

— Мисалы?

— Сох суу сактагычын куруп берген эмес. Андан көп өтпөй союз ыдырап, Өзбекстан өз милдеттенмесин аткарбай койгон. Бул нерсени бийлик башчылары билишпейт. Ошону билген аксакалдардан сураса болмок. Эң оболу Турдакун Усубалиевдин китебин окушпайбы! Турдакун агабыз өлөр-өлгөнчө “Өзбекстан Сох суу сактагычын куруп берген жок. Бере турган жерлерин тосуп алышты” деп айтып, какшап жүрүп өтүп кетти. Бирок, а кишинин факты катары китеби калды.

— Бул маселени сиз кандай чечет элеңиз?

— Алар “суу сактагычты бергиле” десе, мен Кемпир-Абад суусун агызып жибермекмин. Анын дарыя эле болуп акканы жакшы. Анын тегерегиндеги 5000 гектар жерге биздин дыйкандар күрүч эгип, өз оокаттарын тыңгылыктуу кылышмак. Айтылуу “Өзгөн күрүчүн” дүйнөлүк брендге айлантууга салым кошмок. Бизге ал суу сактагычтын кереги жок, пайдасынан зыяны көп. Өзбекстан биздин ошо суу сактагычыбызга жер арендасын төлөсүн. Мен акчасын төлөтүп, компенсация алып турмакмын. Бу жерден биздикилерди алдап коюшту. Эми карагын, “Кемпир-Абад берилбесин” дегендерди түнү менен камап салышты, бул эмне деген шермендечилик?! Камалбаган кимибиз калдык?!.

Сурат Жылкычиев 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg