Азиз Суракматов элди эмес, бей-бечараны сөккөн кеӊешчисин колдоду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеӊешчиси Гуля Алманбетова жаӊы конуштардагы аз камсыз болгон, оор кырдаалда жашаган көп балалуу үй-бүлөлөрдү кемсинтип, аларга берилип жаткан жардам үчүн орой сөздөрдү жазган. Анын элге болгон мамилеси талкууга түшүп, көпчүлүк ээлеген кызматынан кетсин деген талаптарын коюп жатат.
Мэр Суракматов кеӊешчисинин маданиятсыз кылыгы тууралуу өз пикирин айткан жок. Мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев аркылуу кайрылуу жасатып, “азыр жумуш көп болуп жатат, Гуляны кечирип койгула”-деген мэриянын позициясын билдирди. Мындай мамилеси менен Суракматов коомчулуктун талабын эмес, өзүнүн кеӊешчисин колдой турганын көрсөттү. Мэр балит ооз кеӊешчисин коргойм деп, бүтүндөй шаар бийлигинин кадырына доо кетиргени калды.
Буга чейин дагы Алманбетова Жогорку Кеӊештин депутатын, андан башка бир катар жарандарды эркек адамдын жыныс мүчөсү аралашкан уят сөздөр менен бир нече жолу тилдеген. Анын этикага каршы келген жүрүм-туруму дайым талкуу жаратып келет.
Булак:КоомПресс

Аргумент.kg