Азиз Мурадилаевдин апасы: Азиз ооруну гастролдон жуктуруп келген

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Белгилүү актёр Азиз Мурадилаевге тез арада боорун алмаштыруу операциясы талап кылынууда. Ассоль Молдокматованын жардамы менен элге, андан кийин президентке кайрылуу жасалып, тез арада керектелүүчү сумма табылды. Эми актёрду Түркияда жасалуучу операция күтүп турат. Негизи Азиз Мурадилаев бул ооруга 2016-жылы кабылган. Анда да элдин жардамы менен керектелүүчү акча чогулуп, бактыга жараша операция болбой эле боор өзү иштеп кеткен. Чогулган акчаны болсо кесиптеши Мурат Мамбетовдун уулуна тапшырышкан. Ошол жылдары актёрдун апасы Анара Сыдыгалиева менен курган маегибизди жарыялайбыз. — Анара айым, уулуңуз бул ооруга кандайча кабылып калды экен? — Азиздин ден соолугу чың, оору дегенди көп билбеген бала болчу. 2008- жылдын аягында, кыштын күнү театрдан гастролго жөнөтүшкөн. Ошондо аймактарды кыдырып, ар кимдин үйүндө жатып жүрүшүптүр. Жыйынтыгында гастролдон С гепатитин жугузуп келди. Бул оору кан аркылуу жугат экен, Азиз өзү устарадан жукту окшойт деп божомолдоп жүрөт. Жаңы жугузуп келген учурда да аябай ооруган. Дарыланды, бирок кутула албай койду. Аталган оорунун вирусун өлтүргөн дары кийин эле чыкпадыбы. Ал чыккыча кызыл өңгөчүнүн кан тамыры кеңейип кеткен, бара-бара боорун жабыркатып, боордун циррозуна айланды. — Азиз байке сиздин жалгыз балаңыз, ээ? — Ооба, Азиз карачечекей жалгыз уулум, андан башка кызым да жок. Баягы эле театр деп, эл аралап спектакль коюп ысык-суукка карабай талаа-түздө жүрүп кош бойлуу болгон сайын балдарым түшүп калып же ичимден өлүп кала берчү. Кудай алдында он төрт баланын энесимин, бир балам гана тирүү калып, он үч баламды жоготком. — Уулуңуздун да оор кесипти тандап актёр болушуна каршы болдуңуз беле? — Атасы экөөбүз тең өмүр бою театрда иштедик да. Азиз бизди ээрчип кичинесинен сахнага чыгып жүрдү. Сахна оору эмеспи, анын даамын татып калган бала алыстай албай калды. Ырас, атасы экөөбүз тең абдан каршы болдук. Жолдошумдун достору “юридикалык жакка тапшыр, акчасын биз өзүбүз төлөйбүз” деп жакшы эле айтышты. Бирок Азиз “мен өзүмдү актёрлуктан башка кесипте элестете албайм” деп каалабай койду. Училищеде окуп жүрүп 18 жашында өзү менен чогуу окуган келиним Элвира экөө баш кошушту. Ал да актриса болгондуктан, кубандым. Анткени башка кесиптин ээси болуп, Азиздин чыгармачылыгын түшүнбөгөн бирөө болсо, чыр-чатактын баары ошондон чыкмак да. Келиним өзү да абдан түшүнүктүү, уулумдун чыгармачылыгын жакшы түшүнөт, бирөөнүн баласы болсо да, өз балам кылып алгам. Ал жагынан көйгөй жок. Мени эки неберелүү кылышкан, азыр ошолордун таттуу күндөрүн көрүп атам. Өзүм жалгыз эле балалуу болуп калгандыктан аларга “көп балалуу болгула” деп айтып келем. — Азиз байке атасынан канча жашында калды эле? — Атасы каза болгондо Азиз 19 гана жашта болчу. Жолдошум жаш кеткен. Азыр 42 жаштагы балдарды көргөндө “ий, байкушум, ушундай жаш кезинде кетип калган турбайбы” деп жүрөгүм ооруйт. Азиздин атасы табиятынан бат ачуусу келип, бат тараган, тез сынып калма киши болчу. Бирок ден соолугу мыкты эле. 23 жыл чогуу жашадык, ал арада бир жолу сокур ичеги болду. Анан 1997-жылдары кино тармагы солгундап, театрдан бизге айлык бербей ушунчалык кыйналдык. Анан мен базарга чыгып жарма сатып калгам. Бир жолу жолдошум достору менен өтүп келе жатып мени көрүп калышат. Достору “Эмгек сиңирген артисттер качантан бери жарма сатып калышкан?” десе, ал сөзгө абдан намыстаныптыр. Таасирдүү жерлерде иштеген достору бар эле, “эми алар угуп калса эмне болот” деп бир жума тынчсызданып жүрдү. Туугандарына акча сурап барса да бербей коюшуп ошонун баары оор тийгенби, айтор, мээсине кан куюлуп кетип капысынан эле 1998-жылы каза болуп калды. Эркинбаева деген режиссёр “Кыргыз драма театрынын тарыхындагы биринчи чыныгы артист Сатыбалды Далбаев болсо, экинчиси Үсөн Мурадилаев” деп айтчу. Чынында абдан таланттуу актёр эле… Динара ЧОКОЕВА Булак: Леди.кж

Аргумент.kg