Азимбек Бекназаровдун канча жүзү бар? Кубула берип иренжитти…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси Азимбек Бекназаров башкы прокуратурага суракка келип, Өмүрбек Текебаевди туурап, Адахан Мадумаровду актаганга аракет жасады. Өзүн пиар кылды. Элчиликтин эрежесин бузуп жатса да эч ким унчукпайбы? Кызыгы, үч жыл мурда эле Бекназаров башка кызыкчылыгы менен Мадумаровду “жерден алып көргө чапкандай” эле сындап, оор кылмыштары боюнча айтканы эсиңердеби? Кыргыздын жерин “устукандаганын”, чыккынчылыгын шардана кылганычы? Эми оозу-мурду кыйшайбастан актап-жактап калыптыр. Кандайча түшүнсө болот? Канча жүзү бар? Же Малайзиядагы кызматында иштей албай, оппозицияга өтүү үчүн алдыртан камылга көрө баштаган кербезиби? Кыргызстан ушундайлардын айынан өнүкпөй атат да…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg