Азимбек Бекназаров: «Шайлоого чыныгы мекенчилдер аттанган жок»-деп өкүндү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Урматтуу президентчыныгы улут лидери, мамлекет башчысы, мамлекеттин атын алып жүргөн улуттун кызыкчылыгы үчүн бир улутчул-мекенчил партияны ар дайым парламентте алып жүрөт. Бул дүйнөлүк практика. Мисалы, Россияда эмне  үчүн Путин Жириновскийди парламентте кармап жүрөт? Анткени, анын оозу менен орустардын кызыкчылыгы корголот, башкалар кодуланат. Сиз дагы коомчулукта айтылып жаткан үч партияныздын бирин улутчулдардан түзсөңүз, сизге эле аброй болмок. И.Раззаковго окшогон, улутчул адамдардан түзүлгөн партиялар гана, сырткы саясый күчтөргө каршы туруп, кыргыздын каада-салтын, үрп-адатын, салтуу мусулманчылыгын, маданиятын, тарыхын, жер-суусунун бүтүндүгүн, кен-байлыктарын, мамлекеттин эгемен, көз карандысыздыгын бир бүтүн саясый идеологияга бириктири,п сырттан каржыланган партиялардан, саткын президент, депутат, өкмөттөн, үй-бүлөлүк партиялардан коргоп, улуттук кадрлардын, мекенчилердин көбөйүшүнө таасир бермек. Улуттук, укуктук Кыргызстан ушундай бир бүтүн улуттук идеаларга бириктирилүүгө муктаж. Мисалы жалаң төш Баяс Туралга окшогон улутчул илимпоз, окмуштуулардан, Аалыга окшогон акындардан, Абыкеевге окшогон жазуучулардан, Айбек Мырзага окшогон мекенчил жаштардан, Анаркулов, Назаралиевге окшогон журналисттерден, Кошалиевге окшогон курултайчылардан, кыргыздын желегин желбиретип дүйнөлүк спорт, маданий иш чараларда көтөрүшүп жүрүшкөн уул-кыздарыбыздан кантип бир партия чыгарса болбосун?! Андайлар жүздөп саналат, мына элдин башына түшкөн таажы апаатында кимдер ыктыярчылар болушту, чыныгы мекенчилдер гана ..-деп Азимбек Бекназаров билдирди.

Аргумент.kg