Азимбек Бекназаров: Айыптоолордун баары «экидостун» жомогу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кечээ массалык башалмандык уюштурууга кинеленип камалган Азимбек Бекназаров сотто журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, бийликти басып алуу же ушуга окшогон кандайдыр бир аракеттерди жасоого ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, катардагы жолугушуу кылмыш эмес, калганынын баары эки достун жомоктору.

Бул туурасында: «Кемпир-Абадды кантип сактап калабыз деп сүйлөшүп, чогулуп алып талкуулаганбыз. Бул качантан бери кылмыш болуп калды?! Бирок алар дагы жыйын өткөрүп, ал жакка «дежурныйларды» күч менен алып келишет», — деди.
Ал кошумчалагандай, интернетте таратылган бардык аудио жазуулар монтаждалган.

«Ал жерде Кемпи-Абадды сактап калыш үчүн президентке же Жогорку Кеңешке кандай таасир этебиз деген сөздөр гана айтылган? Бирөөлөр митинг аркылуу деди, айрымдар курултай тууралуу айтты. Мен президентке, Жогорку Кеңешке таасир этиш керек деп айтып жатам», — деди Бекназаров.

Аргумент.kg