Азикенин планы аткарылабы, же…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саясаттан талбаган адамдар эч убакта ошол аренадан алыстагысы келбейт. Кезинде мурдагы ажо эскилерди артыман чиркештирип алып кетем деди эле. Тилекке каршы дале болсо Феликс Куловго, Кубат Байболовго, Мурат Жетимишбаевге, Алмаз Акматалиевге, Ишенбай Кадырбековго, Базарбай Мамбетовго, Эмилбек Каптагаевге окшогондор эрмешкенин коюшпады саясатка. Чамасы мунун бир башкача “даамы” оозунан кермектенип кетпейт окшойт улам тилге оролуп.
Ал эми кадимки төңкөрүштөрдүн “локомотиви” Азимбек Бекназаров болсо күүсүнөн тайбай, ушул жылдын 24-ноябрында үлкөн курултай өткөрөм деп күпүлдөп жатат. Ээрчиген кубаттуу нөкөрлөрүнүн деле анчалык дымагы жоктой. Ошентсе да мурдагы дөө-шаалардын башын бириктирип кенен-чонон баарлашабыз деген ойдун канчалык түрдө тигилер тарабынан кабыл алынаарын азырынча айта салуу эртелик кылат. Баарынан да азыркы бийлик деле мурдагылардын жолоюна түшүп, өкмөт башчыга, спикерге тизгин карматпай жатпайбы, баарын эле президент өзү дайындап келгени жакшы эместигине басым жасады Азике. Эми мунун эрөөнү деле болбостур? Анткени ким бийликке келсе да өзүнүн таасирин колунан чыгаргысы келбейт эмеспи. Курултайдын кандай деңгээлде өтөрүнө кызыккандар болгону менен ортодо аны ириткиси келгендер бар экендиги кооптонууну жаратары деле калетсиз. Айтор, кайсыл күнү өтөөрү маалым болду, кашайып жылып кетпес бекен, мурдагыларына окшоп…
Булак: “Ачык сөз”

Аргумент.kg