Ажырашканыма 1 жарым жыл болду. Бир байке үйлөнөлү, балдарыңды өз баламдай карайм дейт. Көрсө ал…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы. Биринчи турмушта бактылуу боло албадым күйөөм менен келише албадык. Арабыз 6жаш болчу эки балалуу болдук балдарыбыз үчүн да бактылуу болуп жашай албадык. Күнүмдүк пикир келишпестик ар кандай ызы-чуу сөз , уруш  боло берип акыры ажырашып тынчыдык. Күндөр, айлар, жыл өттү арадан 1жарым жыл өттү. Ошондо сырттан тааныган менден жашы бир топко улуу көз көрүп сыртан тааныган байке менен чогу айылга барып калдым ал мен жөнүндө уккан экен. Күйөөң каякта деп сурап калды мен шаша буша үйдө эле деп койдум. Ошентип 6 ай сыртан тааныш болуп жүрдүк мен салондо иштечүмүн чогу иштеген балага келип чачын алдырып кетчү тез тез. Бара бара жакындан сүйлөшө баштадык ал арада ар кандай жол менен сынап көрдү мени. Башка балдаргада телефондон чалдырып таанышып алалы дедиртип кыскасы мени сынабаган жолу оюда эч нерсеси калбады окшойт. Акыры бир күнү үйлөнөлү деп сунуш киргизди мен болсо өзүмдөн да мага биринчи балдарым бактысы керек дедим. Балдарын өз баламдай карайм деди көрсө ал өзү өмүрү балалуу болбоптур. Кеңеш бериниздерчи?

Аргумент.kg