
Ажырашкан күйөөм чалып нике шакекти сурап жатат. Ал мени хиджабчан кызга…
23-бештин айы, 2022-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваСалам, сиздердин кеңешиңиздер мага абдан керек болуп жатат. Анда окуя башынан болсун. Биринчи турмушум менен 2008-жылы ажырашкам, бир балам бар. Арадан көп убакыт өтүп Москвада иштеп жүрүп квартирада чогуу турган бир жигит менен таанышып калдым.Экөөбүз сүйлөшүп жүрүп былтыр февраль айында турмуш курганбыз. Тийгенден кийин билдим эки аял менен ажырашып экөөнөн тең балдары бар экенин. Анысына да макул болдум, тырышып жашап кетейин деп.Менин көзүмчө аялдары чалат, алар менен кадимкидей сүйлөшөт. «Сүйлөшпө жакын болуп кетесиң, сенин өзүңдүн үй-бүлөң бар, балдарыңа акчалай жардам берип балдарыңдын өзүнө чалып сүйлөш» десем чыдасаң жаша болбосо жогол деди.Ага да макул деп көндүм, боюмда болбой жүрдү, дарыланалы десем «айып менде эмес сенде» деп мени айыптап жүрүштү. Даарылаткан жок, төрөбөс деген атка кондурушту. Айлыгымды алып колуна карматам бербесем чоң уруш болот эле, ушинтип жүрүп сентябрь айында ажыраштык.