Мурдагы Бишкек ШИИБнин начальниги Канат Жумагазиев пиар кампанияны өркүндөтүү үчүн Улан Жумаковду пресс-кызматына алып келген. Алгылыктуу идеялар, шаар үчүн жакшы иштер башталып аткан эле. Милициянын ишмердигин чагылдыруу, алдыга карай өсүү аркеттери көрүлө баштаган. Тилекке каршы, Азамат Ногойбаев башкалаага начальник болгону пиар кампанияны талкалап, натыйжалуу иштеп аткан кызматкерлерди таратып жибериптир. Мыйзамсыз негизде Улан Жумаковду кызматтан алып, өз билгенин кылган Азамат Ногойбаев деле алыс узабай калды окшойт. Жакында арбын маалыматтар чыгары күтүлүүдө…
«Азия Ньюс» гезити