Азамат Ногойбаевдин шопуру мас болуп, 30 миң долларлык кызматтык унааны талкаладыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Өздүк курамдын ичинде дуулдап козуп атса, коомчулукка чыга элек болсо, анда мындай маселени суроо иретинде жолдойлу. Жооп бере алышса, гезит бетинен орун берилет. Көрөлү да… 

— Бишкек ШИИБ начальниги Азамат Ногойбаевдин шопуру өткөн жумада мас абалында кызматтык машинаны айдап баратып, катуу ылдамдыктын айынан жол кырсыгына кабылдыбы? Дароо жашырып-жапканга үлгүрүштүбү? Нөөмөт бөлүмүнө берилген 30 миң долларлык автоунааны Азамат Ногойбаев өзүнө ыйгарып алып, минип жүргөнбү? Эми талкаланып, жарактан чыгып калса, чыгашанын ордун ким толтурат? “Шибегени капка ката албайсың” дечү беле? Башкы прокурор Курманкул Зулушев ушул суроолорго көңүл буруп, Азамат Ногойбаевдин айланасындагы айың кептердин чындыгын аныктап береби? Эмесе, мыйзамды көзөмөлдөөчү органдын реакциясын күтө турсак, акыры акыйкат көзү ачылабы?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg