
Азамат Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылып,активисттер чогулууда
03-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваАзамат Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган 5 активист Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынын имаратынын жанына чогулушту.Алардын ичинде “Балдардын укугун коргоочулар лигасы” коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова да бар.
Маалыматка ылайык, Ногойбаевдин айткан сөздөрүнөн улам аталган 5 активист кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.
Буга чейин Азамат Ногойбаев кыздарды жашы жете электердин сексуалдык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасоо фактылары көбөйүп жатат деп айыптады . Тактап айтканда, ал: «Акыркы убакта дайынсыз жоголгон кыздар ушундай абалга туш болушат: алар эркектер менен таанышып, анан өз ыктыяры менен алар менен жатып калышат, бизде ушундай окуялар болуп жатат»-деген.
Натыйжада,бул иш боюнча укук коргоочулар менен жарандык активисттер пикетке чыгып,Ногойбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылууну эп көргөн.
Булак :Аргумент кж